Жарыя! АРИСтин АИД-3 кошумча каржылоо долбоорунун алкагында бизнес өнөктөштөрдү кызматташууга чакырабыз! Кабак айыл аймагы, Айылдын коомчулуктарынын инвестициялык ассоциациясы АРИСтин АИД-3 КК долбоорунун алкагында баардык кызыктар тараптарды төмөнкү багыттагы Кошумча нарк чынжырчалары боюнча экономикалык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн кызматташууга чакырат: Кошумча нарк чынжырчасы (КНЧ): Арпа-буудай, сүт, эт, кол өнөрчүлүк, туризм, сафлор жана бал багыты боюнча. Кызматташуу - жергиликтүү коомчулуктун киреше булактарын колдоо боюнча бизнес долбоорлорду ишке ашырууда АКИАнын, Айыл өкмөтүнүн жана АРИСтин өнөктөшү катары экономикалык долбоорлордо катышуудан турат. Бизнес өнөктөш өзүнүн сунушун бизнес план катары иштеп чыгат. Жергиликтүү коомчулук тарабынан колдоого алынган жана долбоордун талаптарына жооп берген сунуштарга АРИС тарабынан каржылык колдоо көрсөтүлөт. Бул айыл аймагы үчүн АРИС тарабынан экономикалык долбоорду каржылык колдоонун көлөмү 41 000 $ чегинде болушу мүмкүн. Кызыктар тараптар бизнес долбоорунун резюмесин жана кызыктар кат тапшыруу керек https://docs.google.com/document/d/1LhRO0ee4tOWa49VtXxd0rmb-fcMRY6k_/edit Кошумча маалымат алуу үчүн төмөнкү даректер менен байланышыщыздар. Эскертүү: Сунуштарды кабыл алуу мөөнөтү 25.04.2023-жылы саат 16.00 гө чейин. Дареги: Кызыл-коргон айылы, Ы. Ашырбеков көчөсү № 1. Байл. тел: Боргемиков Кайрат 0700955795, WhatsApp: Акылбек уулу Дыйканбек 0550504190 Эл.почта: [email protected]
This content is created by the open source Your Priorities citizen engagement platform designed by the non profit Citizens Foundation